Бишкекте велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-сентябрда милицияга М.Н. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Улан-2 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 15 миң сомдук Skilmax велосипедин уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы К.Д. жана 28 жаштагы А.Д. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө амалдары учурунда шектүүлөр уурдалган велосипедди саткан жерин көрсөтүп, табылган велосипед ээсине кайтарылган. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмышытрга катыштыгы бар экенин аныкталган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракетеринен жабып тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (551) 333 339, 0(704) 007 400 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>