Бүгүн Бишкекте эл аралык “Оймо-2023” фестивалы башталат

Бүгүн Бишкекте эл аралык “Оймо-2023” фестивалы башталат

Бишкекте бүгүн “Оймо-2023” XVII Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, фестиваль жыл сайын июль айынын акыркы жумасында Бишкекте башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

27-июлдан 30-июлга чейин фестиваль Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдындагы аянтта өтөт. Андан соң Тамчы айылында 1-августтан 3-августка чейин айыл өкмөттүн имаратынын жанында уланат. Ал эми 4-6-август күндөрү фестиваль Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун алдындагы аянтчада өтөт.

2006-жылдан бери “Орто Азия кол өнөрчүлүктү колдоо ассоциациясынын Кыргызстандагы ресурстук борбору – CACSARC-kg” коомдук фонду өткөрүлүп келе жаткан “Оймо” фестивалы ийгиликтүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болуп саналат.

Эл аралык «Оймо» фестивалдын максаттары:

— Кыргызстанды экологиялык таза жана маданий туризмдин өлкөсү катары таанытуу;

— Улуттук жана региондук кол өнөрчүлүк рыногун өнүктүрүү;

— Кыргызстан менен Борбордук Азия элдеринин маданий мурастарын сактоо;

— Мурас негизинде курулган чыгармачыл бизнес тармактарды колдоо.

Фестивалда кол өнөрчүлүк жарманкесин, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү, этно-мода көргөзмөлөрүн, эко-акцияларды көрүүгө болот. Конференцияларга, тегерек столдорго, музыкалык программаларга катышып, салттуу ашканадан даам татып, каада-салттарды жана ырым-жырымдарды көрсө болот.

Белгилей кетсек, “Оймо” эл аралык фестивалы Кыргызстандын жана Борбордук Азиядагы көптөгөн туристтик фирмалардын календарлык пландарына киргизилген. 2019-жылы эл аралык «Оймо» фестивалы Кыргызстандагы эң мыкты туризм долбоору деп белгиленген.

Фестивалга 2006-жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ, Мексикадан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ишкерлер катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>