Бишкекте жаңы «Ак үйдү» куруп жаткан компанияга 26 га жер берилет

Бишкекте жаңы «Ак үйдү» куруп жаткан компанияга 26 га жер берилет

Бишкектин түштүк тарабында, мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан жерге жаңы «Ак үйдүн» имаратын салып жаткан компанияга дээрлик 26 гектар жер берилет. Тиешелүү токтомго 4-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Токтомго ылайык, президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат куруп жаткан «Иншаат строй Билдинг» компаниясына А.Масалиев көчөсү 22 дарегиндеги 18,18 га, А.Токтоналиев 165 дарегиндеги 4,88 га жана А.Токомбаев 1/9 дарегиндеги  2,71 га жер берилет. Аталган жерлер компанияга президенттин администрациясынын имаратын салганы үчүн акы катары берилет.

Ошондой эле, президенттин иш башкармалыгына аталган жерлердин базар баасын аныктоо тапшырылган. Анын жыйынтыгы менен, эгер, бериле турган жерлердин баасы курулуш иштеринен кымбат болсо, компания ортодогу айырманы кайтарып бериши керек болот. Эгер курулуш иштеринин баасы бериле турган жерлерден кымбат болсо, компанияга ортодогу айырма төлөнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>