Ысык-Көлдө милиция адам өмүрүн куткарып, 500 миң сомун жоготкон жаранга акчасын таап берди

Ысык-Көлдө милиция адам өмүрүн куткарып, 500 миң сомун жоготкон жаранга акчасын таап берди

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери адам өмүрүн саткап, 500 миң сомун жоготкон жаранга акчасын таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, милициянын старшиналары Дуулат Азатов менен Бекмырза Шайкидин уулу Чолпон-Атадагы «Алтын-Көл» эс алуу жайында көл жээгинде коомдук коопсуздукту карап жүргөн учурда сууга чөгүп жаткан жаранды көрүп, куткарып калышкан. Куткарылган адам Түп районунун 23 жаштагы тургуну болгон.

Ошондой эле «Аврора» санаторийинде эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну Атайын полктун кызматкерлерине кайрылып, 500 миң сом акчасын жоготуп алганын билдирген. Милициянын старшиналары Эрлан Талгартбеков менен Бекболот Көчөров эс алуу жайдын айланасын текшерип, 500 миң сом акчаны таап, ээсине кайтарып беришкен.

«Өз кезегинде жарандар ыкчам жардам көргөзүшүп, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлгө чөгүп жаткан жигитти милиционерлер куткарып калышты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>