Бишкекте жаңы жылдык жарманке башталды. Даректер

Бишкекте жаңы жылдык жарманке башталды. Даректер

Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Жарманкелерден жаңы жылдык белектерди, айыл чарба продукцияларын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алууга болот. Ошондой эле жарманкеде майрамдык концерт да уюштурулат», — деп жазат калаа мэриясы.

Маалым болгондой, Свердлов жана Биринчи Май райондорунун биргелешкен жарманкеси 21-декабрдан 31-декабрга чейин саат 11:00дөн 16:00 убакыт аралыгында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтөт.

Октябрь районунда 21-декабрдан 26-декабрга чейин саат 15:00дөн 18:00гө чейин «Ынтымак-2» сейил багында болот.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>