Бажы кызматынын төрагасы жыйынга келбей, тойдо жүрөбү? Жооп (ВИДЕО)

Бажы кызматынын төрагасы жыйынга келбей, тойдо жүрөбү? Жооп (ВИДЕО)

Бажы кызматынын төрагасы (Адилет Кубанычбеков ред.) барбы бүгүн? Эмне үчүн ал жок, канча комитет жыйындарын өткөрдүк, палатанын жыйындарын өткөрдүк, бир да жолу келген жок? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Садиков парламент жыйынында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушевага берди.

Мамбетжунушева “31-декабрда Бажы кызматынын 30 жылдык юбилейи болмок, ошону белгилейли деп жатканбыз. Ошого байланыштуу ардагерлер катышкан чоң жыйын болмок, ошого катышканы кеткен” – деп жооп берди.

Андан соң депутат Садиков “тойго кеткен турбайбы, ошентип ардагерлер менен отурган отуруш бюджетке караганда жогору болуп отуруп эмне деген деңгээлге келдик. Ушундай кантип жоопкерчилик болсун! Бул туура эмес нерсе да” – деп нааразы болду.

 

Экономика министрлигинин алдында Бажы кызматын учурда Адилет Кубанычбеков жетектейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>