УКМК кармаган 70 жаштагы апа камактан чыкты, жалгыз бой эне камакта калды

УКМК кармаган 70 жаштагы апа камактан чыкты, жалгыз бой эне камакта калды

Жалал-Абадда УКМК тарабынан «бийликти күч менен басып алууга чакырык» жасоого шектелип кармалган 70 жаштагы Салия Таштанова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалала-Абад облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Таштанованын бөгөт чарасы 17-октябрда Жалал-Абад шаардык сотто каралып, ал 4-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле УКМК тарабынан «бийликти күч менен басып алууга чакырык» жасоого шектелип кармалган дагы бир аял — 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова камакта калууда. Ал 4-ноябрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, аталган эки аял тең «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү болушат. Алар буга чейин соцтармактар аркылуу бийликке сын айтып келгени белгилүү.

Салия Таштанова — 70 жаштагы пенсионер. Ал Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашайт.

Ал эми — Чыныгүл Шеркулова Кочкор-Ата шаарынын тургуну, жалгыз бой эне жана 3 баласы бар экени айтылууда.

Бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип 75 жаштагы аял кармалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>