Видео: Бишкекте жаранга бычак менен кол салган шектүү үй камагына чыкты

Видео: Бишкекте жаранга бычак менен кол салган шектүү үй камагына чыкты

Бишкекте шаар тургунуна бычак менен кол салган шектүү үй камагына чыгарылып, боштондукта жүрөт. Бул тууралуу жабырлануучунун апасынын кайрылуусу социалдык тармактарда жарыяланды.

Кайрылууда айтылгандай, окуя быйыл 15-мартта болгон. Г.Р. аттуу уулу Чүй проспектисинде (ЖЭБ жакта) унаасы менен бара жатканда, аны башка айдоочу (А.Б.) жол жээгине кысып, токтоткон. Андан кийин айдоочу унаасынан түшүп келип, уулунун моюн жагына бычак шилтеп жиберген. Уулу бычакты колу менен тосуп, колунан жараат алган. Андан соң кол салган айдоочу унаасына отуруп кетип калган.

Кайрылуу кылгандардын айтымында, милиция шектүүнү кармаган. Бирок райондук сот аны үй камагына чыгарып, ал боштондукта жүрөт.

Алар шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүп, камакка алынуусу үчүн райондук прокуратурага кайрылганы менен майнап чыкпаганын айтат.

Ошол эле учурда милиция чара көрбөй жатканына арызданып, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган.

«Биздин өлкөдө жаран өзүн коопсуз сезе албайбы?», — дейт ал.

Бул окуя боюнча Свердлов райондук милициядан билдиришкендей, 15-мартта аларга Г.Р. аттуу жаран кайрылып, Шабдан Баатыр (Чүй проспектисинин уландысы) көчөсүндө белгисиз адам бычак менен денесине жараат келтиргенин билдирген. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Аны менен бирге соттук медициналык экспертиза дайындалып, ал жабырлануучу жеңил жаракат алганын көрсөткөн.

Милиция 36 жаштагы А.Б. аттуу шектүүнү кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бирок Свердлов райондук соту аны эки айга үй камагына чыгарган.

Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иши уланууда.

«Айрым жарандарды коомчулукту адаштырбай, расмий комментарий үчүн шаардык милициянын басма сөз кызматына кайрылууну суранабыз. Маалыматты бурмалоо учурунда мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп билдирет милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>