Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?  

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?  

Кыргызстанда ушул жылдын 10-апрелинен 15-апрелине чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Идрис Кадыркулов Киевдеги резиденциясы менен Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койду.

Идрис Кадыркулов 2022-жылдын январынан бери Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын аркалап келет.

Жантаев Элчибек Нуржадыевич президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Элчибек Жантаев 1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган. Эмгек жолу бул шилтемеде.

Ал эми Ош облусунун буга чейинки башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган бир катар жетекчилер кызматтан бошотулган. Буга алардын функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин аталган кызматты Элчибек Жантаев жетектеп келген.

Жаныбек Орозалиев Бишкектин Октябрь районунун акими болду. Буга чейинки аким Азамат Дороев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жаныбек Орозалиев 1977-жылы 16-апрелде туулган. Ал «Электр станциялары» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү, чет өлкөлөрдө студенттерди окутууга көмөк көрсөтүү менен алектенген «Демилге долбоору» коомдук бирикмесинин тең негиздөөчүсү болгон.

Жаныбек Орозалиев 2021-жылдын май айынан октябрга чейин Социалдык фондду жетектеген.

Тургунбеков Канатбек Тургунбекович – Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Тургунбеков 1970-жылдын 25-майында Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Чет-Нура айылында туулган. Эмгек жолу бул шилтемеде.

Мокеев Адилет Маматкадырович Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыктарын жетектеп, Ош облустук курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Большевиков Абай Кылычбекович “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал буга чейин “ОшТВ”, “ОшПирим” телеканалдарында кабарчы, алып баруучу, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Дайындалганга чейин “ОшПирим” телеканалында директорлук кызматты аркалаган.

ИИМдин райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн айрым жетекчилери башка аймактарга ротацияланды.

Алсак;

— Айбек Акматов Талас облусунун Манас РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБнин начальниги кызматына;

— Майрамбек Калмамбетов Талас облусунун Кара-Буура РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле  облустун Талас РИИБнин начальниги кызматына;

— Нурбек Калыкеев Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБнин начальниги кызматына;

— Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас ОИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына;

— Мелис Мырсалиев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын оор, өтө оор жана резонанстык кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБнин начальниги кызматына;

— Мирлан Осмоналиев Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын криминалдык эсепке алуу башкармалыгынын криминалдык жана ыкчам эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги кызматына;

— Эрнис Саттаров Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Ала-Бука РИИБнин начальниги кызматына;

— Данияр Жумагулов  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарга, адамдарды, жашы жете электерди сатууга жана кумар оюндар кылмыштарына каршы күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас РИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматына;

— Жанышбек Токторбаев Талас облусунун Талас ШИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Манас РИИБнин начальниги кызматына;

— Алмазбек Тулебеков Талас ОИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Кара-Бура РИИБнин начальниги кызматына;

— Чынгыз Абылгазиев Талас облусунун Талас РИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Талас ШИИБнин начальнигинин орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматына кызматына;

— Бакыт Султангазиев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл РИИБнин Ананьев айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги  кызматынан бошотулуп, Чүй  облусунун Токмок ШИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>