Чүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилдиОш шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасында Азия чемпионаты өтөтКыргызстанда чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун эрежелери өзгөрдүКыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,6 пайызга өстүБишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн аймагында газ үч күнгө өчүрүлөтКыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11,1 пайызга өстү
Бишкекте жаш жигит 3 миң доллардан ашык акчаны карактап кеткен
19.10.2023 | 09:20
Бишкекте каракчылык кылууга шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-октябрда милицияга К.Ж. аттуу аял киши кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 15:05те Медеров көчөсүндө жайгашкан курулуш компаниянын кеңсесине Э. аттуу жаран келип, бычак менен коркутуп, 2 миң доллар жана 96 миң сом (3 миң доллардан ашык акча) акчаны алып кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюна кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы Э.Э. аттуу жаран кармалган. Октябрь райондук соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз