Бишкекте жаш жигит 6,5 млн сомдук маңзат менен кармалды

Бишкекте жаш жигит 6,5 млн сомдук маңзат менен кармалды

Бишкекте жаш жигит 6,5 млн сомдук маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен бирге Казакстандан Кыргызстанга «мефедрон» психотроптук заттарын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүшкөн. Атайын операцияны жүргүзүүгө жарым жылдык убакыт талап кылынган.

Операциянын жүрүшүндө милиция 2001-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармаган.

«Ал ар бири 0,5 литрден болгон төрт желим бөтөлкөгө салынган «мефедрон» психотроптук затын жашырылган жерден алган. Андан кийин шектүү кара түстөгү BMW унаа менен жашырынууга аракет кылган. Бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 кг 194 граммды түзөт. Психотроптук заттарды сатуудан А.Р. аттуу жарандын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 6 млн 567 миң сомду түзүшү мүмкүн эле», — деп билдирет ИИМ.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК: Мектеп окуучулары 11,8 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>