Индиядан түз инвестиция тартуу келишимин ЖК комитети колдоду

Индиядан түз инвестиция тартуу келишимин ЖК комитети колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 17-апрелдеги жыйынында «2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Индиянын өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов белгилегендей, келишим түзүүнүн негизги максаты инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны жакшыртуу болуп саналат.

Тагыраагы, келишимди түзүү эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү элемент болуп саналат жана Индиядан өлкөнүн экономикасына түз инвестициялардын агымын көбөйтөт.

Келишимдик жөнгө салуу келечекте келишим боюнча өнөктөш өлкөдө кандай өзгөрүүлөр, анын ичинде мыйзамдагы өзгөрүүлөр болбосун, ага карабастан келишимде инвестициялар үчүн каралган режимди колдонууга белгилүү бир кепилдик берет.

Талкуу маалында депутат Нуржигит Кадырбеков Индиядан дары-дармектерди алып келүү, түз инвестиция тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин көтөрдү. Теманы улаган депутат Айбек Осмонов атамекендик дары-дармектерди чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле Улуттук агенттиктин башка өлкөлөр менен кызматташуусун кеңейтүү боюнча ишин күчөтүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү тарабынан мыйзам долбоору жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>