Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри жолугушту

Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри жолугушту

Бүгүн, 20-ноябрда, Токио шаарында президент Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Япониянын премьер-министринин резиденциясында президент Садыр Жапаровду өкмөт башчысы Фумио Кисида тосуп алды.

Саламдашып, кол алышуу болуп, Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин Фумио Кисида жана Садыр Жапаров тизилген ардактуу кароолдун катарын айланып өтүштү. Лидерлерге эки өлкөнүн расмий делегациялары тааныштырылды.

Салтанаттын соңунда президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Фумио Кисида эки тараптуу сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>