Жемкорлукка каршы митинг жабык деп жарыяланды

Жемкорлукка каршы митинг жабык деп жарыяланды

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинги жабык деп жарыяланды, бирок чогулгандар тарай элек.

Миттинггдин модератору Улан Үсөйүн чагымчыл аракеттер башталып кетпеш үчүн митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырды.

Жалпысынан Ала-Тоо аянтына миңге жакын адам нараазычылык акцияга чыккан. Алар колдоруна Райымбек Матраимовдун сүрөтүн, жана сары кагаздарды кармап алышып,   “Раим камалсын”, “Уррунун орду түрмөдө” деген чакырыктар менен бийликке нааразычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөрү менен шаар тургундарынын жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгару тууралуу маалыматтар тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>