Бишкекте жигиттен сүйлөшкөн кызы үчүн $3 миң опузалаган 2 жаран кармалды

Бишкекте жигиттен сүйлөшкөн кызы үчүн $3 миң опузалаган 2 жаран кармалды

Бишкекте жигиттен сүйлөшкөн кызы үчүн акча опузалаган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга А.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар сүйлөшкөн кызы үчүн 3 миң доллар опузалаганын билдирген. Алардын бири өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган.

Ыкчам-тергөө иштери учурунда 25 миң сом алып жатканын жеринен шектүү катары 19 жаштагы М.С. (өзүн милиция кызматкери тааныштырган, бирок милицияда иштебейт) жана 31 жаштагы Т.М. (кыз киши) аттуу жаран кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кыз уктап калган учурда, ага чала тааныш адамдар жеңил акча табуу максатында, жигитине чалып, акча опузалашкан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси 2-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>