Кримчөйрө менен байланышы болгон. УКМК Өзгөндүн мэрин кармады (видео)

Кримчөйрө менен байланышы болгон. УКМК Өзгөндүн мэрин кармады (видео)

Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Д.М. (Дамир Моңолдоров) маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар делип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Өзгөн шаарынын мэри өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды»,  — деп билдирет УКМК.

Маселен, УКМК аныктагандай, кылмыш чөйрөсүнүн адамдары жарандык активистти «Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтот жана массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырба» деп коркутуп, болбосо катуу жазаланарын эскертишкен.

13-ноябрда Өзгөн шаарынн мэринин иш бөлмосүндо тинтиүү жүргүзүлгөн.

Учурда аталган ишке тиешеси бар айрым адамдар, анын ичинде мэр кармалып, алар тергөө абаганы камакка алынган.

Аны менен бирге бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>