Бишкекте жөө жүрүшкө чыккандар президентке кайрылуу жолдоду

Бишкекте жөө жүрүшкө чыккандар президентке кайрылуу жолдоду

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад маселеси жана активист менен саясатчылардын камакка алынышына байланыштуу жөө жүрүш өттү.

Жөө жүрүш Эркиндик бульварында темир жол бекетинин жанында башталып, «Ала-Тоо» аянтында аяктады. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 500гө жакын адам катышты.

Алар Кембир-Абад Өзбекстанга берилбесин, саясий куугунтуктар токтосун жана камалгандар бошотулсун деген талаптарды коюшту. Жөө жүрүштүн аягында аталган талаптар жазылган петицияга кол топтолду. Кол койгон адамдардын саны 215ке жетти.

Кол коюлган петиция президент, өкмөт жана Жогорку Кеңештин аппараттарына тапшырылат.

Петициядагы талаптар:

1) Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аймагы Кыргызстандын балансында калышы керек. Кемпир-Абад берилбесин!

2) Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек арар маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылабыз!

3) Саясий куугунтукту тез арада токтотууну жана камакка алынган активисттерди бошотууну талап кылабыз!

Эскерте кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилгени жатканына байланыштуу бир катар саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзгөн. 23-октябрда Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы камакка алынып, алар «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>