Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-июнда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап бир катар эл аралык байкоочулар миссияларынын (ШКУ, КМШ ПАА, ЖККУ ПА) курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө катышып, Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодо тарыхый учурга күбө болгонун белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев өз кезегинде Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, казак эли тагдыр чечүүчү чечим кабыл алганын белгиледи. Казакстандын президенти конституциялык реформанын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кыскача айтып берди.

Өлкө лидерлери ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандыкты чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>