Бишкектеги Азия чемпионаты: Тажудинов менен Айтмухан алтын үчүн күрөшөт

Бишкектеги Азия чемпионаты: Тажудинов менен Айтмухан алтын үчүн күрөшөт

Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондору Ахмед Тажудинов менен Ризабек Айтмухан финалда күрөшө турган болду.

Бахрейндик спортчу Ахмед Тажудинов таймашты чейрек финалдан баштап, катары менен япониялык жана ирандык атаандаштарын жеңип, финалга өттү.

Ал эми казакстандык Ризабек Айтмухан беттештерди квалификациялык тайпадан баштап, биринчи атандашы кыргызстандык Андрей Аронов болду. Ризабек Айтмухан Ароновду 6:0 эсебинде жеңди. Андан кийинки кармаштарында өзбекстандык жана индиялык балбандарды утуп, алтын үчүн күрөшө турган болду.

Финалдык беттештер саат 18:00до башталат.

Белгилей кетсек, Тажудинов менен Айтмухан экөө тең дүйнө чемпиону болушат. Ахмед Тажудинов былтыр 97 кг салмакта, ал эми Ризабек Айтмухан 92 кг салмакта дүйнө биринчилигин уткан. Айтмухан — Казакстандын тарыхында эркин күрөштөн дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан. Ал быйылтан тарта 97 кг салмакта күрөшө баштады.

Тажудинов былтыркы дүйнө чемпионатында Олимпиада оюндарынын, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүлөрү болуп жүргөн Абдулрашид Садулаев жана Кайл Снайдер сыяктуу күчтүү балбандарды утуп, чемпион атанган.

Тажудинов менен Айтмухан буга чейин бир жолу беттешкен. Ал кармаш Түркиядагы эл аралык мелдештин жарым финалында болуп, Тажудинов Айтмуханды тушеге басып жеңген.

Бишкектеги 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жаан 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>