Бишкектеги Азия чемпионаты: Үч кыргызстандык балбан коло үчүн күрөшөт

Бишкектеги Азия чемпионаты: Үч кыргызстандык балбан коло үчүн күрөшөт

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча балбандар Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Алибек Осмонов (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг) жана Андрей Аронов (97 кг) таймашка чыкты.

Тилекке каршы 5 спортчу тең квалицикациялык жана чейрек финалдагы беттештеринде жеңилүү ызасын тартып, финалга чыга алган жок. Бирок Сманбеков, Жолдошбеков, Осмонов жана Ароновду уткан балбандар финалга өткөндүктөн, алар көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алды. Белгилей кетсек, көңүл жубатуучу кармашта жеңишке жеткен балбан коло үчүн күрөшөт.

Аталган төрт балбандын ичинен Жолдошбеков менен Аронов көңүл жубатуучу кармашта атаандаштарын утуп, үчүнчү орун үчүн күрөшө турган болду. Ошондой эле Осмоновдун атаандашы болбогондуктан, ал көңүл жубатуучу беттеш өткөрбөстөн эле кичи финалга чыгып, коло үчүн күрөшмөй болду. Ал эми Сманбеков атаандашына жеңилип, үчүнчү орунга күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Кыргызстандык балбандардын коло байге үчүн атаандаштары:

65 кг: Улукбек Жолдошбеков — Аббос Рахмонов (Өзбекстан)

70 кг: Алибек Осмонов — Мустафо Ахмедов (Тажикстан)

97 кг: Андрей Аронов — Вики Вики (Индия)

Беттештер саат 18:00до башталат.

Бишкекте 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жаан 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Бишкектеги Азия чемпионаты: Тажудинов менен Айтмухан алтын үчүн күрөшөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>