Бишкектеги Баткенге гумжардам чогултуудан фоторепортаж

Бишкектеги Баткенге гумжардам чогултуудан фоторепортаж

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылгандан тарта калоочулар ар кандай жардамдардын бере баштады.

Азык-түлүк,  керектүү буюм-тайымдардан тарта койдун этине чейин бар.

Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперс).

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн медиаштабдын маалыматына ылайык, жардам берүүнү каалагандар спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот.

Болбосо Бишкек шаарынан ар кайсы аймактарында да гумжардам чогултуучу пунктар ачылды. Даректерин ушул шилтемеден тапсаңыз болот.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>