Базар-Коргондо баасы 187 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылдыКеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда6-август: өлкөнүн айрым аймактарда жаан жаайтСаламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койду
Дүйнөлүк мелдештин жеңүүчүлөрү канча акчалай сыйлык алат?
30.05.2023 | 13:06
Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт.
Аталган мелдешке 24 өлкөдөн 600дөн ашык спортчу катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандан атынан рейтингдик мелдешке 46 балбан катышат. Ал 1-4-июнда «Бишкек-Арена» муз аянтчасында өтөт.
Бул мелдеште байгелүү орундарга илинген балбандарга медаль жана рейтингдик упайлардан тышкары, акчалай сыйлык берилет.
Бишкектеги рейтингдик турнирдин акчалай сыйлыктары:
1-орун – 1500 швейцариялык франк (145 миң сом)
2-орун – 750 швейцариялык франк (72 миң сом)
3-орун – 500 швейцариялык франк (48 миң сом)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз