Бишкекте 30-март күнү өткөн ишембиликте 615 бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ага 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин 15 миңден ашык кызматкерлери катышты.
Тазалоонун жыйынтыгы боюнча:
— Ленин району: Жалпы шаардык ишембиликке 5190 адам катышып, 330 түп бак-дарак отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
— Октябрь району: шаарды жашылдандырууга 2825 жаран катышып, 130 түп бак-дарак отургузулду, 19 даана атайын техникалар тартылды.
— Биринчи май району: Жалпы шаардык ишембиликке 3709 адам активдүү катышып, 80 түп көчөт отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
— Свердлов району: 3375 адам катышып, 75 бак-дарак отургузулду, 8 бирдик атайын техника колдонулду.
Тазалоо учурунда чогулган таштандыларды чыгаруу иштери уланууда.
Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Ишембиликке катышпагандарга айып пул салынат.