Бишкектин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы жолдор пайда болот

Бишкектин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы жолдор пайда болот

Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Анын маалыматында, алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары пландалды.

Ал үчүн Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жолду кесип өтөт.  Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат.

Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Учурда көпүрөнүн долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, сынак жарыяланды. 2024-жылдын 6-мартында документтер ачылат жана подрядчы уюм тандалат.

Белгилей кетсек, Шүкүров көчөсү — райондук маанидеги башкы көчө. Жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү.  Долбоор ишке ашса, И. Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат. Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу Кара-Дарыя көчөсү реконструкцияланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>