Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов финалда — видео

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов финалда — видео

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Махмудов килем үстүнө бүгүн, 10-сентябрда чыккан. 1/16 финалдагы биринчи кармашында ал бразилиялык Жоилсон де Бритону 11:1 эсебинде утту. Кийинки кармашта ал мексикалык Эммануэль Алексис Бенитес Кастродон (8:0) күчтүү чыкты. Ал эми чейрек финалда түркиялык балбан Юнус Эмре Башар менен күрөшүп, аны 9:7 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда Махмудовго кореялык Хён У Ким атаандаштык кылды. Бул кармашта Махмудов 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Финалдык беттештер эртең, 11-сентябрда өтүп, саат 22:00дө башталат. Финалда Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, бүгүн килем үстүнө 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков да чыккан. Ал биринчи беттешинде бразилиялык балбанды жеңип, бирок экинчисинде ирандык балбанга жеңилген.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын беттештерин Дүйнөлүк күрөш уюмунун www.uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эртең, 11-сентябрда грек-рим күрөшүнөн үч кыргызстандык балбан таймашка чыгат:

63 кг, квалификациялык раунд

Тынар Шаршенбеков — Кристобаль Алонсо Торрез Нунез (Чили)

67 кг, квалификациялык раунд

Амантур Исмаилов – Кристиан Истван Ванца (Венгрия)

97 кг, квалификациялык раунд

Бексултан Махмудов — Тадеуж Михалик (Польша)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>