Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бишкектен Делиге уча турган каттам токтотулду
08.05.2025 | 13:01
Бүгүн, 8-майда Бишкек – Дели (Индия) багыты боюнча уча турган каттам токтотулду. Бул тууралуу Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы билдирди.
“8-майга пландалган КА577/578 каттамы Дели аэропортундагы аба мейкиндигине чектөө киргизилгендигине байланыштуу токтотулду”,- деп айтылат маалыматта.
Авиакомпания жүргүнчүлөргө билетти сатып алган жерден акчаны толук кайтарып алууну же каттамды 22-майга жылдырууну сунуштады.
Белгилей кетсек, аба жолдоруна Индия менен Пакистандын чек араларында куралдуу кагылыштан улам чектөөлөр киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом