Бишкектен «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун ячейкасы табылды (видео)

Бишкектен «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун ячейкасы табылды (видео)

25-июль күнү  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган Бишкек шаарынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Хизбут-Тахрир аль-Ислами диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгү токтотуду. Бул тууралуу жашыруун кызматтан билдирди.

Маалыматка караганда, нейтралдаштырылган “Хизб-ут-Тахрир” ячейкасынын кызматкерлери узак убакыт бою тымызын түрдө үгүт иштерин жүргүзүп, ошондой эле Хизб-ут-Тахрирдин катарына жаңы тарапкерлерди тартып келгени аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ячейканын негизги жетекчилеринин жашаган жерлеринен жана алардын кылмыштуу байланыштары боюнча «Хизбут-Тахрир» тарабынан редакцияланган көп сандагы басылмалар ж.б. алардын «Хизбут-Тахрир» тиешеси бар экендигин көрсөткөн буюм далилдери табылып алынды.

Аталган жетекчилер «О.Р», «Д.А» жана «З.Ж.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилдт.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>