Бишкектиктер «Ак-Куланын» жерин сатпай, сейил бак салууну суранууда

Бишкектиктер «Ак-Куланын» жерин сатпай, сейил бак салууну суранууда

Бишкектин мэриясы борбор калаанын батыш тарабында жайгашкан «Ак-Кула» ат майданынын 45,73 гектар жерин сатыкка койду. Анын баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сомго деп белгиленди.

Аталган жаңылык чыккандан кийин жарандар социалдык тармактарда ат майдандын жерин сатуунун ордуна ал жакка сейил бак курууну сунуштоодо. Алар «Ак-Куланын» ордуна сейил бак салынса, борбор калаанын көркүнө көрк кошуларын, экологиялык абалга оң таасир этерин, Бишкектин тургундары үчүн сейилдеп, эс ала турган кооз жер пайда болорун айтышууда.

Соцтармактын айрым колдонуучулары ат майдандын жерине сейил бак салынса, ага президент Садыр Жапаровдун атын ыйгарууга да макул экенин, бирок «Ак-Кулага» эл сейилдеп, эс ала турган жай куруу жакшы иш болмок экенин жазууда.

Дагы бир Бишкектин тургуну жер сатылса да, ал жакка эки тарабында бактар өскөн бульвары болуп калса деген оюн билдирди.

«Ак-Куланын» ордуна Нью-Йорктогудай чоң Борбордук сейил бак курууну сунуштагандар бар.

Айрымдар сатыкка коюлган жерди акча чогултуп сатып алып, сейил бак салуу тууралуу чын-тамашасы аралаш сунуштарын айтууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>