Бишкектиктерди 1999-жылы менчиктештирилген батирлеринен ажыратып жатышат
Депутат Финансы министрлигинин кызматкерлери менен окутуучуларынын батирлери боюнча талашты көзөмөлгө алууну суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев ага Бишкек шаарындагы Киев көчөсүндөгү №218 үйдүн тургундары кайрылганын билдирди.
Анын айтымында, Финансылык техникумдун окутуучулары жана Финансы министрлигинин кызматкерлери бул батирлерди 1969-жылы министрликтен алышкан. Ал эми 1999-жылы мыйзамдуу түрдө менчиктештирип, мамлекеттик менчик укугу тууралуу документтерди алышкан.
Бирок депутаттын айтымында, 2025-жылдын сентябрь айында Ленин райондук прокуратурасы жарандардын бул батирлерге болгон менчик укугун жокко чыгаруу талабы менен Бишкектин административдик жана райондук сотторуна доо арыз берген.
«Бир батир боюнча Ленин райондук соту прокуратуранын пайдасына чечим чыгарып койду», — деди Атамбаев.
Депутат бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранды.