Бишкектин 145 жылдыгына карата бир катар инсандар сыйланды. Тизме

Бишкектин 145 жылдыгына карата бир катар инсандар сыйланды. Тизме

Бишкек шаардык мэриясында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун борбор калаанын 145 жылдыгына карата сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр катышуучуларды шаар күнү менен куттуктап, Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн “Бишкек 145” мааракелик медалдарын тапшырды.

— Чотбаев Абдыгул Абдрашитович – генерал полковник,  Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, муниципалдык кызматтын отличниги, көптөгөн медаль, орден, наамдардын ээси;

— Лев Алексеевич Васильев – Өнөр жайдын эмгек сиңирген ишмери, Бишкек шаарынын экс-депутаты, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;

— Суранчиев Абдылда Шергазиевич  — КР генерал-майору,  Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, «Даӊк» медалынын ээси;

— Жангарачева Мира Камильевна — Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КРнын социалдык маселелер боюнча экс-вице-премьер-министри, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;

— Кулбаев Абдирейим Стамкулович — КР ардактуу куруучусу, 1996-2003-жылдары Бишкек шаарынын биринчи  вице-мэри, КР Жогорку Кеӊешинин экс-депутаты;

— Муралиев Амангельды Мурсадыкович — 1988-1991-жылдары Бишкек шаарынын экс-мэри;

— Момбекова Жыргал Канаевна — профессор, тарых илимдеринин кандидаты, Эл агартуунун отличниги, КР ардак грамотасынын ээси, “Эне” кайрымдуулук фондунун төрайымы;

— Султанбаев Абдыкадыр Дарданович — Журналисттер союзунун төрагасы, Билим берүүнүн отличниги, Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер;

— Болджурова Ишенгүл Садыковна — профессор, «Даӊк» медалынын ээси, Билим берүүгө эмгеги сиӊирген ишмер, экс-министр, көптөгөн ардак грамоталардын, медалдардын ээси;

— Суталинов Абдыбек Асанкулович — 1991-1992-жылдары Бишкек шаарынын экс-мэри;

— Ахмедов Якуб-бек Рахматович – КРнын ардактуу пенсионери, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;

— Осмонов Кыргызбай Арапбаевич – КРнын Эл артисти, Мамлекеттик кызматтын отличниги, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Мамлекеттик катчы, «Ардак белгиси» орденинин,  «Даңк» медалынын, «Мамлекеттик кызматтын мыктысы» төш белгисинин, көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» орденинин жана ошондой эле 30дан ашуун ведомстволук сыйлыктардын ээси;

— Осмоналиев Каныбек — Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

— Жумалиев Сардарбек — композитор, дирижер. Бишкек шаарынын гимнин музыкасынын автору, А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, К.Орозов атындагы академиялык  эл аспаптар оркестринин дирижеру;

— Урманбетов Кыялбек – Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Бишкек шаарынын гимнин сөздөрүнүн автору;

— Бейшеев Мелис Ногойбаевич — Бишкек шаарынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы, милициянын полковниги, көптөгөн медаль, ордендердин ээси;

— Саалиев Жаныбек Токтосунович — Санитардык тазалоочу машинасынын айдоочусу;

— Жумалиев Жаныбек Будешевич  — «Бишкекжашылчарба» мамлекеттик ишканасынын башкы агроному;

— Исабекова Любовь Капашевна — №6 окуу-тарбия комплексинин география сабагы боюнча мугалими;

— Керимакунова Джумагуль Деркембаевна — № 5 стоматологиялык поликлиниканын стоматолог дарыгери;

— Алымкулова Батмакуль Бердибековна — Социалдык кызматкер;

— Токтогулов Асылбек Токтогулович — Билим берүүнүн отличниги, кесиптик билим берүүнүн отличниги;

— Капарова Чынара Абдылдаевна — журналист, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын доценти, “Даңк” медалынын ээси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>