ТүркПАнын аталышы өзгөрдү

ТүркПАнын аталышы өзгөрдү

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму өттү.

Акыркы 14 жылдын аралыгында ТүркПА бир топ ийгиликтерге жетишкенин жана жылдан-жылга беделдүү эл аралык уюмга айланып келе жатканын айткан Төрага Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарында өткөн отурумда  бир катар чечимдер кабыл алынганын белгиледи.

Алсак, “Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы» деген аталыш “Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы” деп өзгөртүлүп, ага ылайык, ассамблеянын жаңы желеги менен логотиби бекитилди. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзам долбоорлору иштелип чыкты.

Андан тышкары, жыйында 2023-2028-жылдарга карата Ассамблеянын стратегиялык жол картасы иштелип чыгып, Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Муну менен катар ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басары, тиешелүү комиссияларынын төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, катчылыктын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматы берилди.

Ал эми Ассамблеянын кийинки XII пленардык отуруму 2023-жылы Түркия Республикасында өтөөрү белгилүү болду.

Тэги: ТүркПА

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>