Бишкектин эки конушуна газ берилди

Бишкектин эки конушуна газ берилди

Бүгүн Свердлов районунда Ак-Тилек жана Ак-Тилек-Турбаза эки ири конушка жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган конуштардагы бардыгы болуп 640 кожолук өздөрүнүн үй ээликтерин экологиялык отун менен жылытууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев конуш тургундарын куттуктап, башкы директордун орун басары Мурат Сулаймановдун атынан «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришти.

Өз кезегинде тургундар Бишкек шаарынын жетекчилигине жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына көгүлтүр от менен камсыз болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды үйлөрдүн бирине газдын бар-жогун текшерүү үчүн чакырышты.

Ири турак жай конушун газдаштыруу боюнча иштер Кыргызстанды газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК инвестициялык программасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

Белгилей кетсек, жаңы конуштарды газ менен камсыздоо үчүн жаңы газорегулятордук пункт курулуп, пайдаланууга берилген, ошондой эле узундугу 9500 погон метрден ашык магистралдык газ түтүктөрүн куруу иштери жүргүзүлгөн. Бардык иштер курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына так ылайык аткарылган.

Мындан тышкары, Свердлов районундагы Бакай-Ата конушунда газдаштыруу иштери аяктоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>