Бишкектин эки тургуну «Хизбут-Тахрирдин» катарынан чыкты

Бишкектин эки тургуну «Хизбут-Тахрирдин» катарынан чыкты

Бишкек шаарынын эки тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартышты.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, ДЭУго катышкандыгы үчүн сот органдары тарабынан мурда соттолгон жана пробация көзөмөлүндө турган Кыргызстандын жарандары, Бишкек шаарынын тургундары К.Н.Т. жана К.Б. «Хизбут-Тахрир» ДЭУнан баш тартышты.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды Кыргызстандын аймагында тыюу салынган ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

УКМК жарандарды КР аймагында тыюу салынган ДЭУ жана ЭТУ иштерине аралашпоого чакырат жана ушуга окшош жагдайларга туш болгон учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана тиешелүү казыяттарга кайрылууга чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>