Азамат Байматов Кыргызстандын курамасына чакырылды

Азамат Байматов Кыргызстандын курамасына чакырылды

Футболчу Азамат Байматов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына чакырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын курамасы жаңы келген машыктыруучу Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында 1-июндан 9-июнга чейин Бишкек шаарында окуу-машыгууларын өткөрөт. Окуу-машыгуулар 10-июндан 20-июнга чейин өтө турган CAFA NATIONS CUP-2023 турнирине даярдык катары өткөрүлөт.

Курамага чакырылган оюнчулардын кеңейтилген тизмесинде Кыргызстандын курамасынын мурдагы капитаны, коргоочу позициясында ойногон Азамат Байматов бар. Ал акыркы жылдары Кыргызстандын курамасынын оюндарына чакырылбай калган. 2021-жылы Байматов Кыргызстандын футбол бирикмесинин ошол кездеги жетекчилигин жана мурдагы машыктыруучу Александр Крестининди сындап чыккан.

Азамат Байматов учурда «Алга» клубунда ойноп келет. Учурда 33 жашта.

Окуу-машыгууларга чакырылган оюнчулар:

Дарбазачылар:

  1. Токотаев Эржан (Каспий,Казахстан)
  2. Коченков Антон (Арсенал Тула,РФ)
  3. Чомоев Султан (Дордой)
  4. Прядкин Артем (Дордой)

Коргоочулар:

  1. Кичин Валерий (Енисей,РФ)
  2. Браузман Християн (Абдыш-Ата)
  3. Акматов Айзар (Абдыш-Ата)
  4. Мищенко Александр (Дордой)
  5. Жыргалбек уулу Кайрат (Аксу,Казахстан)
  6. Козубаев Тамирлан (Истерн,Гонконг)
  7. Сагынбаев Бекжан (Китчи, Гонконг)
  8. Байматов Азамат (Алга)
  9. Мамыралиев Суйунтбек (Дордой)
  10. Изаков Кайрат (Абдыш-Ата)

Жарым коргоочулар:

  1. Атабаев Эрбол (Динамо Махачкала,РФ)
  2. Абдурахманов Одилжон (Мактаарал,Казахстан)
  3. Рустамов Турсунали (Дордой)
  4. Давыдов Николай (Изманинг, Германия)
  5. Алыкулов Гулжигит
  6. Узденов Магамед (Алга)
  7. Жалилов Рауль (Алга)
  8. Жумашев Атай (Абдыш-Ата)
  9. Мерк Кай (Унион-Титус-Петанж, Люксембург)
  10. Дүйшөбеков Бактыяр (Мурас-Юнайтед)
  11. Мусабеков Фархат (Абдыш-Ата)
  12. Азаров Азим (Абдыш-Ата)

Чабуулчулар:

  1. Молдожунусов Элдар (Нефтчи)
  2. Жоэл Кожо (Динамо Самарканд, Узбекистан)
  3. Батырканов Эрнист (Келантан Юнайтед, Малайзия)
  4. Мурзаев Мирлан
  5. Алмазбеков Бекназ (Галатасарай, Турция)
  6. Землянухин Антон (Алга)
  7. Алыгулов Максат (Абдыш-Ата)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>