Бишкектин мэри бул аптада шаардыктар менен жолугат

Бишкектин мэри бул аптада шаардыктар менен жолугат

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров бул аптада шаардыктар менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Алгачкы жыйын 12-апрель күнү саат 10:00дө No78 мектеп-гимназиясынын актовый залында өтөт. Мэр “Көлмө” жаңы конушунда жашаган шаардыктар менен жолугат, саат 14:00дө акимчиликтин жыйындар залында Биринчи май районунун тургундары менен экинчи жолугушуу болот.

13-апрель күнү саат 10:00дө No82 мектеп-гимназиясынын актовый залында «Ала-Тоо» конушунун калкы менен жолугушуу, саат 14:00дө акимчиликтин жыйындар залында мэр борбордун Ленин районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп беришет.

14-апрелде саат 10:00дө No91 мектеп-гимназиясынын актовый залында «Кара-Жыгач» конушунун тургундары саат 14:00дө Октябрь акимчилигинин актовый залында күтүшөт, Октябрь районунун жашоочулары менен жолугушат.

15-апрелде саат 10:00дө №94 мектеп-гимназиясынын актовый залында мэр “Дордой” жаңы конушунун тургундары менен, ал эми саат 14:00дө Свердлов акимчилигинин актовый залында шаар башчысынын жолугушуусу болот. мэр жетектеген кызматтар Свердлов районунун тургундарынын суроолоруна жооп беришет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>