Мэр Эмилбек Абдыкадыров кытайлык делегация менен жолугушту

Мэр Эмилбек Абдыкадыров кытайлык делегация менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Циндао шаардык комитетинин туруктуу мүчөсү Чжан Синьцжу баштаган Циндао шаарынан келген делегация менен борбор калаанын муниципалитетинде жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар бир тууган Циндао шаары менен өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Эмилбек Абдыкадыров Циндао Элдик өкмөтүнө Бишкек жана Циндао шаарларынын муниципалитеттеринин ортосундагы практикалык өз ара аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирет. Ошону менен бирге ал “Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси боюнча батыш тарабындагы кире бериш жолду жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууга 600 миң юань өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүдөгү каржылык колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле Бишкек шаары менен Кытай Эл Республикасынын шаарларын бириктирүүчү көпүрө катары кызматташууну координациялап жаткан «Кытай-ШКУ» аймактык соода-экономикалык кызматташуусунун пилоттук аймагына өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаарынын мэри социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүүнүн биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууда жана мындан ары да эки тараптуу жемиштүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле шаар куруу, транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана шаар куруу жаатында тажрыйба алмашууга кызыктар экендигин белгиледи.  Шаарды жашылдандыруу багытында тажрыйба алмашууда көрктөндүрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>