Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар которулган камеранын сүрөттөрү

Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар которулган камеранын сүрөттөрү

Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров СИЗОнун жер төлөсүндөгү гигиеналык жана санитардык талаптарга жооп бербеген, шарттары жок камераларга которулган. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон маалымдады.

Белгилесек, буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар Жээнбеков, Бекназаров, Кадыров, Молдокматовду кыйноо менен Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин жер төлөсүндө жайгашкан ным, муздак камераларга которулганы тууралуу кабарланган. Алардын жактоочулары өзгөчө кысым болуп жатканын айтышкан.

Бул маалыматтан кийин 5-сентябрда улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-1ге атайын барышып, жогорудагы айыпталуучулар жер төлөдөгү камераларга которулгандыгын аныкташты. Мекеменин техникалык паспортунда бул кабат биринчи деп көрсөтүлгөн, бирок чындыгында жер төлө болуп саналат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында камераларда кармоо шарттарынын нормаларын бузуу фактысы боюнча акт түзүлдү. Айрыкча камераларда жогорку нымдуулук байкалып, нымдуулуктун кесепетинен дубал менен шыптан текстурасы жоголуп, полдо жарака кетет.

Улуттук борбордон кошумчалашкандай, мындай канааттандырарлык эмес шарттарда 242 адам кармалып турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>