Маданият министрлигине караган окуу жайларга 200 млн сомго музыкалык аспаптар алынат

Маданият министрлигине караган окуу жайларга 200 млн сомго музыкалык аспаптар алынат

Маданият министрлигинин карамагындагы окуу жайларга музыкалык аспаптарды сатып алууга 200 млн сом жумшалат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Аталган каражат маданият, искусство жана спорт тармагына бюджеттен берилген 673 млн 515 миң сом  акчанын бир бөлүгү болуп саналат.

Музыкалык аспаптар К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория, П. Шубин атындагы Республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернат, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жай, Б. Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернат, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жай жана Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайларына сатып алынат.

«Тактап айтканда, Америка өндүрүшүнөн чыккан Steinway-Sons D-274 концерттик роялы, Япон өндүрүшүнөн чыккан Shigeru Kawai SK-7 L премиум класстагы концерттик роялы, Kawai SK-15Е М/РЕР акустикалык пианино, акустикалык рояль, фортепиано, контрабас, аккордеон, волтмейстер, урма аспаптар, гобой, кларнет, флейта, кыл кыяк, жетиген, саксофон, бас кыяк, добулбас, балалайка, домбра, бас комуз дана башка ушул сындуу аспаптар алынмакчы», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>