Бишкектин мэриясы шаардык милицияга акысыз негизде YUTONG (ZK6108HGH) үлгүсүндөгү 10 автобусту берет. Бул чечимге борбор калаанын шаардык кеңеши макулдугун берди.
Маалыматка караганда, бериле турган автобустардын баасы 31 млн 68 миң сомду түзөт.
Автобустар милициянын өздүк курамын ташуу үчүн колдонулат.