Жаран милициянын иш-аракеттерине арызданды. Милиция үн катты (видео)

Жаран милициянын иш-аракеттерине арызданды. Милиция үн катты (видео)

Бишкекте жарандык кийимчен адамдар өздөрүн милициянын баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы кызматкери катары тааныштырып, унаада отурган жаранды кармоого аракет кылган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга чыгарылды.

Видеону жарыялаган жаран билдиргендей, окуя 21-мартта саат 23:30да болгон. 5-6 олбурлуу адам унаасына келип, документтерин көрсөтпөй, унаада отурган жаш жигиттерге орой мамиле жасап, кол көтөрүүгө барган (бөйрөккө урган, сөгүнгөн). Бир маалда алардын бирөө анын видеого тартып жаткан телефонун тартып алып, чөнтөгүнө салып койгон. Нашаа табылганын айтышкан.

Ошол учурда видеону чыгарган жаран Милициянын кайгуул кызматын чакырган.

Аягында «милициябыз» деген адамдар эч нерсе таба албай, кетип калышкан. Окуя «Жумушчулар шаарчасы» жакта болгон.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы комментарий берип, милиция кызматкерлери ыкчам-издөө амалдарын жүргүзгөнүн билдирди. Ошол эле учурда, аталган кызматкерлердин иш-аракетинин мыйзамдуулугу боюнча териштирүү башталган.

«21-мартта Бишкек шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери иликтенип жаткан кылмыш иштин алкагында, тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ыкчам-издөө иштери жүргүзгөн. Учурда ИИМдин Бишкек шаарындагы Ички иликтөө бөлүмү милициянын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча кызматтык териштирүүнү баштады», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>