Садыр Жапаров: Кыргызстан Австриянын банк сектору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарЭкономист Төлөнбек Абдыров Кыргызстанга ШКУ банкы эмне үчүн керек экенин түшүндүрдүКыргызстандан Кытайга «Торугарт» аркылуу дан азыктары экспорттоло баштайтСадыр Жапаров: Санкция киргизүү укугу БУУга гана таандык болушу керекКаракол шаары Business Aviation Summit 2026 саммитин кабыл алды: жаңы багыттар жана инвестицияларСадыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында эмнелерди айтты?
Бишкектин так ортосунда “уурдалган” кыз милицияга келди
18.10.2019 | 13:42
Ала качуунун курмандыгы болду делген кыз болуп өткөн окуяны түшүндүрүү үчүн милицияга келди. Бул тууралуу Репортерге Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.
“Ал өзүнүн тайкеси менен келди. Кызматкерлер анын документин текшеришти. Кыз жашы жете элек өспүрүм экен. Ал өзүн эч ким уурдабаганын, болуп өткөн окуялар үй бүлөлүк маселе экенин айтты. Аны мажбурлап суракка алууга мүмкүн боолгон жок”, – деди Жумаков.
Белгилей кетсек, 12-октябь күнү Жибек Жолу жана Абдрарахманов көчөлөрүнүн кесилишинде бир кызды белгисиз адамдар ала качкандыгы тууралуу маалымат тараган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар