Бишкектин вице-мэри Азат Узаков СИЗОго камалды

Бишкектин вице-мэри Азат Узаков СИЗОго камалды

19-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаковдун баш коргоо чарасын тандады. Бул маалыматты Reporter.kg’ге райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Узаков 2022-жылдын 18-апрелине чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков КР Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, жеке компаниянын кызыкчылыгын лоббирлөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган.

Чүй районунун Кош-Коргон айылында Т.Каракеев орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков Мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен келишим түзүп, бир нече жолу «Г.П.С.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын пропагандалаган.

Тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары менен эрежелери бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Ал эми мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.

Тактап айтканда, мектептин курулушу иш жүзүндө бүтө элек: жер төлөсү ишке берилген эмес, ашкана, спорт залы, имараттын фасады толук жабдылган эмес, аймагы жашылдандырылбаган, өрт коопсуздук системасы жок, электр менен камсыздоо иштери бүтө элек.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков менен кошо дагы эки кызмат адамына иш козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>