«Боинг» компаниясы кыргыз авиа тармагын иликтейт

«Боинг» компаниясы кыргыз авиа тармагын иликтейт

Октябрда Кыргызстанга АКШнын «Боинг» компаниясынын өкүлдөрү иш сапары менен келип, расмий бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу тууралуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын «Боинг» компаниясынын Эл аралык саясат боюнча директору Брайан Лоп, аталган компаниянын Евразия боюнча аймактык директору Марио Антонио Эбсим жана коммерциялык директору Волкан Эсер менен жолугушуу өткөргөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстан Евразия континентинин жана Борбор Азия регионунун так ортосунда жайгашкандыктан келечекте кыргыз улуттук авиа тармагын өнүктүрүп, аны чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу борборго айлантуу тууралуу сунушун ортого салды.

Ал эми «Боинг» компаниясынын өкүлдөрү элчинин айткандарын колдошуп, келечекте кыргыз авиа тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча өздөрүнүн фактыларына негизделген маалыматы менен тааныштырышты.

«Боинг» компаниясы — америкалык авиация, космостук жана аскердик техниканы өндүрүүчү дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Компаниянын заводдору дүйнөнүн 67 өлкөсүндө жайгашкан. Компания өз продукциясын дүйнөнүн 145 өлкөсүндө сатат. Боинг дүйнөдөгү 100 өлкөнүн жүк ташуучу 5200 компаниялары менен жакындан кызматташат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>