Боксчу Санжар Сейдакматов Бакудагы мелдеште коло утту

Боксчу Санжар Сейдакматов Бакудагы мелдеште коло утту

Кыргызстандык боксчу Санжар Сейдакматов Баку шаарында (Азербайжан) өтүп жаткан «Улуу Жибек Жолу» эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

57 кг салмакта күч сынашкан Сейдакматов таймашты чейрек финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал тажикстандык Мухаммадали Хасановду нокаутка кетирип, жеңишке жеткен. Ал эми жарым финалда өзбекстандык Худойназар Фаизовге 2:3 эсебде жеңилип, үчүнчү орундун ээси болду.

Белгилей кетсек, Бакуда 24-мартта башталган мелдеш 29-март күнү жыйынтыкталат. Аталган мелдешке 11 өлкөдөн келген (Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Польша, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия) 120 спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан турнирге 5 мушкер катышты.

Эркектер арасында 13 салмак, ал эми кыз-келиндер арасында 5 салмак боюнча беттештер өтүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>