Болгария: Бүгүн Махмудов менен Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

Болгария: Бүгүн Махмудов менен Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

Бүгүн, 5-мартта грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинин финалында алтын үчүн күрөшөт.

Болгариянын София шаарында өтүп жаткан мелдеш 2-мартта башталган, бүгүн, 5-мартта жыйынтыкталат.

Махмудов менен Шаршенбеков 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштаган.

Махмудов биринчи беттешинде норвегиялык Жоан Аакты 6:1 эсебинде утту. Андан кийин 1/8 финалда грециялык балбан менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми, чейрек финалда польшалык балбандан күчтүү чыкты (10:0).

Жарым финалда Акжол Махмудов норвегиялык балбан менен күрөштү. Кармаштын биринчи бөлүгүндө Махмудов 2:0 эсебинде алдыда келе жатканда, күрөш учурунда, атаандашы жаракат алып, беттешти уланта алган жок. Ага байланыштуу жеңиш Махмудовго ыйгарылды.

Финалда Махмудов армениялык Малхас Амоян менен күрөшөт.

Ал эми, Жоламан Шаршенбеков биринчи кармашында болгариялык балбан менен күрөшүп, аны бир мүнөткө жеткирбей 9:0 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Шаршенбеков америкалык балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Жарым финалдагы кармашта атаандашы ирандык балбан болуп, аны 10:2 эсебинде утту.

Шаршенбеков алтын байге үчүн польшалык балбан М. Тракз менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Амантур Исмаилов (67 кг) менен Үзүр Жусупбеков да (97 кг) катышып, байгелүү орундарга илине алышкан жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>