Кемпир-Абад иши: Дагы төрт адам үй камагына чыгарылды

Кемпир-Абад иши: Дагы төрт адам үй камагына чыгарылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асия Сасыкбаева, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абылов, активисттер Улукбек Маматаев менен Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Бүгүн, 12-апрелде Биринчи май райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен алардын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Бүгүн ошондой эле, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков жана Талант Эшалиев үй камагына чыгарылып, 20дан ашык киши №1 тергөө абагында камакта. Андан тышкары, Канат Исаев үй камагында. Ал былтыркы октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>