Боомдо селден улам көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калды

Боомдо селден улам көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калды

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу сел сууларынан тазаланууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 154-155-чакырымында Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган.

Учурда көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.

Бишкек—Нарын—Торугарт  унаа жолунун Боом капчыгайы аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери көчкүнү тазалап, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалап жетишпей жатышкандыгын жана түшкөн көчкүнүн көлөмү эбегейсиз көп экендигин билдиришүүдө.

ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.

Буга чейин Боом капчыгайында кайрадан сел жүргөнү маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: боом

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>