Акылбек Жапаров БАЭнын элчисин кабыл алды

Акылбек Жапаров БАЭнын элчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Бириккен Араб Эмираттарынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>