Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Боомдо таш түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат. Убактысы
18.05.2024 | 14:03
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында ишканасы 20-24-май күндөрү кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, иш күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылышы менен коштолот.
Бул учурда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, унааларды өткөрүү үчүн таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар