Комиссия депутат Бактыбек Жетигенов боюнча чечим чыгарды

Комиссия депутат Бактыбек Жетигенов боюнча чечим чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн  атайын комиссия депутат Бактыбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты. Бул тууралуу жыйында комиссиянын мүчөсү депутат Аманкул Токтомамбетов билдирди.

Анын айтуусунда, комиссиянын курамындагы 11 депутат тең Бактыбек Жетигеновду кылмыш жообуна тартканга каршы болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Жетигенов бийликти басып алууга камынып жатат деген шек менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Кечээ, 8-декбарь күнү парламент Жетигеновдун кол тийбестигин кароо боюнча маселе көтөрүп, бирок, атайын депутаттык комиссиянын кортундусун күтүп калышкан. Эми Жогорку Кеңештин жалпы палатасы маселени карайт. Эгерде, колдоо таба турган болсо, Жетигенов акталып чыгат.

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков  менен Төрөбай Зулпукаров сот тарабынан акталып чыкты. Аларды кечээ парламент кол тийбестик укуктарынан ажыраткан эмес.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камактан чыкты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>